Агенттиктин жетекчилигинин демилгеси менен эмгек жамаат Нооруз майрамын белгилешти
Алгач майрамга арналган азем Манас айтуу менен башталды. Андан соң, Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев эмгек жамаатын жана жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.
“Урматтуу кесиптештер!
Күн менен түн теңелип, жаздын келишин жар салган- улуу күн-Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
Кыргызда жакшы сөз бар. Ал “башканы коюп Манасты айт”,- деген. Ноорузга арналган чакан аземибизди, Манас айтуу менен баштап жатабыз. Мамлекетүүлүгүбүз, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын башаты улуу баянда жатат. Нооруз жаңы күн, жаңы жылдын башаты болсо, Манас мамлекеттүүлүк менен улуттун уңгусу экени анык. Жакшы салтын кастарлап, тарыхын сыйлаган элдин келечеги кең болот. Нооруз майрамы жергебизге ынтымак менен ырашкерлик алып келсин. Өлкөбүз өнүгүүгө өрүш алып, эгемен элибиздин арышы байсалдуу болсун”.
Кошумчалай кетсек, кызматкерлер ишке улуттук кийим кийип келишип майрамды шаңга бөлөштү. Ошондой эле, Агенттиктин жетекчилиги тарабынан, орозого байланыштуу жалпы кызматкерлерге сүмөлөк баштаган ооз ачар баштыкчасы таратылды.