Кудайберген Базарбаев: “Президентибиздин демилгеси жүзөгө ашырылууда”
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаевдин «Кыргыз Туусу» гезитине берген маегинен.

— Буга чейин “Эң мыкты айыл өкмөтү” сыяктуу сынак өтүп келди эле. Бул иш-чара мындан ары да улантылабы?

—  “Эң мыкты айыл өкмөтү”   мамлекеттик сынагы  2013-жылдан бери өткөрүлүп келаткан жакшы жөрөлгө. Бул иш чара жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн стимулдаштырууга багытталган жана учурда да өткөрүлүп келүүдө.

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын       16-майындагы  № 258 токтому менен айыл өкмөттөрүнүн ишмердүүлүгүн баалоо боюнча критерийлерге өзгөртүү киргизилип, байге фонду  6 миллион сомдон 12 миллион сомго көбөйтүлдү.

Ошондой эле сынакка  маданий, эс алуу жана спорттук иш-чараларды өткөрүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, элдик чыгармачылыкты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жалпы аймактарды жарыктандыруу, муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу, “Санарип аймак” жана “е-Кyzmat” автомтташтырылган базасын жүргүзүү сыяктуу беш жаңы критерий киргизилген.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча  “Эң мыкты айыл өкмөтү” болуп   Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтү, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун  Ылай-Талаа айыл өкмөтү, Ысык-Көл  облусунун Түп районунун Каркыра айыл өкмөтү, Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү, Ат-Башы  районунун  Ат-Башы  айыл өкмөтү, Баткен  облусунун Лейлек  районунун Сумбула  айыл өкмөтү аныкталган.

— Мурда аймактар арасында тажрыйба алмашуу үчүн иш-чаралар өтүп турчу эле. Азыр бул жаатта иштер аткарылабы?

— Жергиликтүү  өз   алдынча    башкаруу     органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу максатында  2023-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө “Аймактарды өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” деген темада  республикалык семинар-кеңешме өткөрүлдү. Бул иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер жана алардын орун басарлары, айыл өкмөт башчылары тартылган. Бул республикалык семинар-кеңешме Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн аймагында айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү,  бала-бакчаларды куруу, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык баазаларын чыңдоо, муниципалдык ишканаларды түзүү, техникалар менен камсыздоо жана аймактарды жашылдандыруу боюнча тажрыйбасын үйрөнүү үчүн таасирдүү аянтча болду.

Ошондой эле мыкты деп табылган Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамааттардын демилгелерин колдоп, айылдардын ички жолдоруна  таш төшөө жана ыңгайлуу шарта аялдамаларды курууга жетишкен тажрыйбасын жайылтуу багытында жумуштар аткарылууда.

Кадамжай районунда  «Алгакадам» коомдук бирикмеси тарабынан дээрлик 3 000 000 000 сом өлчөмүндөгү долбоор аткарылууда. Бул коомдук бирикме  жергиликтүү жамааттардын демилгесин колдоп 3 тоннел казуу жана ачык канал куруу долбоорун ишке ашырууда. Учурда казылган каналдын жалпы узундугу 1441 метрди түзөт, анын ичинде  741 чарчы метр тоннел жана 700 метр ачык канал казылды же 292.5 млн сомдук курулуш иштери аткарылды. Бул сумманын ичинде  элдик салым 105 млн. сомду түзөт. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич бул долбоорго өзүнүн фондунан 150 млн. сом бөлүп берген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 100 млн. сом бөлүнгөн.

— Аймактык реформа кандай натыйжа берет деп ойлойсуз?

— Жүргүзүлгөн аймактык реформа сөзсүз жакшы натыйжа берет. Айыл өкмөттөрүн, шаарларды  ирилештирүү башкаруунун таасирдүү тутумун түзүүгө шарт түзөт. Аймактардын жашоочуларына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө автоматташтырылган санариптик  базаларды колдонуунун мааниси артат. Учурда биз өлкөбүздүн  бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жайылтылган    “Санарип аймак” системасынын базасын толтуруу боюнча жумуштарды да аткарып жатабыз. Бүгүнкү    күндө   “Санарип аймак”  базасына 5. 713943 млн. жарандын маалыматы  катталды.

“Санарип аймак” системасында 23 мамлекеттик орган жана 59 коммерциялык уюм менен “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууну ишке ашырып жатат. Бул система жарандарга иш жүзүндө жашаган жери жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкаттарды көрсөтүү боюнча муниципалдык тейлөөнү камсыз кылат.

Жакында эле мен  Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө барып, “Санарип аймак” маалыматтык базасын толтуруунун абалын көзөмөлдөп келдим. Жарандарыбыздын күнүмдүк жашоосунда түрдүү багыттагы маалымкаттар, документтер керек. Мисалы, жашаган жери, үй-бүлөсү, үй-чарбасы, мүлкү жана башкалар жөнүндө маалымкаттар. Мурда жарандарыбыз мындай маалымкаттарды  алуу үчүн район же облус борборуна барып убара болушчу. Азыр «Санарип аймак» маалыматтык база аркылуу керектүү маалымкаттарды ыкчам алууга шарт түзүлдү.

“Санарип аймак” тутумунун эки артыкчылыгын белгилеп кетсек болот:

  • жарандарга керектүү маалымкаттарды алууну жеңилдетти, убакыт коротуп айыл өкмөткө же башка мекемеге барбай эле, үйдө отуруп керектүү маалымкат алса болот;
  • жергиликтүү органдар жашоочуларды, чарбаларды так эсепке алууга мүмкүндүк алды жана кагаз ишинин ашыкча түйшүгүнөн арылды.

“Санарип аймак” тутуму жана башка электрондук кызмат көрсөтүүлөр айылдарды жана шаарларды бириктирүүнүн натыйжасында борбордон алыстап жашоочулар үчүн ыңгайсыздыктар жаралат деген кооптонууларды жокко чыгарат десек болот.

Административдик-аймактык реформа Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр  Нургожоевичтин  экономикабызды өнүктүрүүгө багытталган демилгелеринин бири. Садыр Нургожовичтин жетекчилиги менен мамлекетибиз  көп жакшы натыйжаларга жетишти, экономикабыздын көрсөткүчтөрү жогорулап, бюджеттин өлчөмү көбөйүүдө, айлык-акы, пенсия көтөрүлдү.

Кыргызстанда акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7% жетип, ички дүң продукция 2023-жылы 1 трлн. 228 млрд сомду түздү. Кыргызстандагы эң ири “Кумтөр” кени мамлекеттин менчигине өттү, 60 ири ишкана ишке киргизилди. Жүздөгөн мектеп, бала-бакча жана башка социалдык объекттер курулууда. Эл аралык кызматтташтык мамилелер кеңейип, өлкөбүзгө милларддан ашык инвестиция тартылды. Административдик-аймактык реформаны ийгиликтүү жүргүзүп, элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз деген ишеничтебиз.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы кыргыз элин, мекендештерди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайм. Нооруз – жаңы үмүттүн, жаңы максаттардын, жаңы башталыштардын майрамы. Элибиздин биримдиги артып, мамлекетибиздин түндүгү бекем болсун!