19 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Японияга окууга жиберилет

Кудайберген Базарбаев менен Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу Элчиси ГОДА Хидэки мырзанын теңтөрагалыгында Япониянын Жогорку окуу жайларына стипендиаттарды тандоо боюнча башкаруу комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйыны болду. Жыйынтыгында 19 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Япониянын алдыңкы ЖОЖдорунан окуп, билимдерин жогорулатып келмекчи.

Бүгүн, «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү» долбоорунун (JDS) алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге Япониядан окууга (магистр) квота берүү боюнча башкаруучу комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө башкаруу комиссиясынын мүчөлөрү 19 финалистти бекитишти, алар 18-19 – март күндөрү тандоонун акыркы этабынан-долбоордун башкаруу комиссиясы менен маектешүүдөн өтүштү.

Башкаруу комиссиясынын тең төрагалары болуп Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу Элчиси ГОДА Хидэки мырза саналат, БКнын мүчөлөрү болуп КРдагы JDS кеңсесинин өкүлдөрү, КР Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, КР Тышкы иштер министрлигинин жана Финансы министрлигинин орун басарлары эсептелет.

Тандоонун бардык стадиялары ачык кулактандыруу аркылуу максаттуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарга маалымдоо жолу менен ачык-айкын жүргүзүлдү. Тандоо этабына жапон профессорлору катышты. 2023-жылдын сентябрь айында 40 жашка чейинки мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында сынак жарыяланган.

Тандоонун негизги критерийлери:

* мамлекеттик / муниципалдык кызматтагы минималдуу иш стажы 2 жыл;

* англис тилин билүү;

* магистрдик иш үчүн изилдөө планын жазуу.

Конкурска катышуу үчүн 80 кызматкер документтерин тапшырышкан. Документтерди текшерүү Япониянын университеттери тарабынан жүргүзүлүп, талапкерлер англис тилин жана математиканы билүүсү боюнча кошумча тест тапшырышты.

Экинчи турга 50 кызматкер өтүп, Япония университеттеринин профессорлору талапкерлер менен техникалык маек куруп, 2-турдун жыйынтыгы боюнча андан аркы этапка 29 Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тандалып алынган.

Маалымдама: «кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү» (JDS) долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун негизинде Япония Өкмөтүнүн акысыз жардам программасынын алкагында ишке ашырылат, 6-октябрда 2004-жылы Бишкек шаарында кол коюлган жана 130-жылдын 6-августунда 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кадрларды даярдоо саясатын колдоо жана Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн Япониянын университеттеринде магистр (19 квота) жана доктор (1 квота) даражаларын алууга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. Долбоорго 40 жашка чейинки,  эки жылдык минималдуу стажы бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар  катыша алышат.

Окутуу мамлекеттик башкаруу, эл аралык мамилелер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, экономика, айыл чарба жана экологиялык саясат сыяктуу тармактарда каралган. Тандоонун бардык этаптары ачык кулактандыруу аркылуу максаттуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарды маалымдоо, англис тилин жана математиканы билүү сынактарын өткөрүү жана япон ЖОЖдорунун профессорлору жана долбоордун башкаруу комиссиясы менен маектешүү аркылуу ачык жүргүзүлөт.

Бүтүрүү докторлук же магистрдик даражага ээ болот. Окуу үч жылга (докторанттар үчүн) жана эки жылга (магистранттар үчүн) созулат. Окутуу тили: англис тили.

JDS долбоору ишке ашырыла баштагандан бери (2007-жылдан бери) мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ичинен 287 адамдан турган стипендиаттардын  17 тобу жөнөтүлгөн.