Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев акыркы алты айда жасалган иштер туурасындагы отчеттук маалымат жыйынга катышты. Агентикттин директорунун докладынан төмөнкү шилтемени келтиребиз.
Урматтуу пресс-конференциянын катышуучулары!
Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жаатындагы аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат менен тааныштырууга уруксат этиңиздер.
Белгилүү болгондой республикада 32 шаардык мэриялар, 452 айыл өкмөттөр жана 484 жергиликтүү кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзөт.
Бюджеттер боюнча карасак акыркы мезгилде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин өсүшү көрүнүп турат.
2022-жылга республиканын жергиликтүү бюджеттери көлөмү 1 692,2 млн сомго же 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 7,1%га көбөйүү менен 25 млрд. 398 млн. 400 мин . сомду түзөт.
Жалпы айыл өкмөттөрдүн 5 жыл аралыгындагы жергиликтүү бюджеттеринин өсүү динамикасын караганда, айыл өкмөттөрдүн бюджети 5 213,1 миллиард сомго (беш миллиард эки жүз он үч миллион жүз миң) көбөйгөн.
Бул слайдда республикалык бюджеттен айыл өкмөттөргө теңдөөчү трансферттеринин 5 жыл аралыгында бөлүнгөн суммаларын көрүүгө болот.
Республикалык бюджеттен теңдөөчү транферттерди алуусу жылдан-жылга төмөндөөдө. Башкача айтканда жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн өсүүсү жогорулап, республикалык бюджеттен бөлүнүшү кыскарууда.
Жалпысынан 5 жыл аралыгында айыл өкмөттөрдүн бюджеттеринин өсүүсүнүн натыйжасында республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттерин бөлүп берүүдө 653,7 миллион сомго 17,8% үнөмдөлдү.
Ошондой эле, максаттуу трансферттер республикалык бюджеттен 5 жылдын аралыгында айыл өкмөттөргө бөлүнүп берилүүсү жылдан-жылга кыскарууда. (2017-жылы — 3 664,6 миң сомдон, 2022-жылы-874,4 миң сомго чейин азайган).
Ал эми, айыл өкмөттөрдүн жеке кирешелеринин 5 жыл аралыгындагы өсүүсүн көрсөк болот. (2017-жылы-14 702,5 миң сом болсо, 2022-жылга карата 23 100,8 миң сомду түзүп, дээрлик эки эсеге жогорулаган).