Венера ИСАЛИЕВА: Жалпы республика боюнча 452 айыл аймагы 235 айыл аймакка бириктирилип, 217 айыл аймагы кыскартылды
Аймактарды өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын башталышы, административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин аткарган иштери, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө жетишилген натыйжалар, административдик-аймактык реформаны калган аймактарда өткөрүү максатында көрүлгөн иш-аракеттер тууралуу Агенттиктин Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы ИСАЛИЕВА Венера Алкановна менен маек курдук.
Алгач административдик-аймактык реформанын башталышы боюнча маалымат берсеңиз?
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесинин негизинде, аймактарды өнүктүрүү максатында административдик-аймактык түзүлүштү реформалоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп жатат. Реформа маселеси Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн Улуттук Программасына киргизилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгып, тапшырмалар берилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрында Жарлыгынын негизинде Ысык-Көл облусунун Түп районунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын Концепциясы бекитилип, Түп районунун 13 айыл аймагы 5 айыл аймакка бириктирилди. Ошондой эле, 2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Нарын облусунун 63 айыл аймагы пилоттук негизде 27 айыл аймакка бириктирилди.
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү маселеси Экономика жана коммерция министрлигинин ыйгарым укуктары болуп белгиленгени маалым. Ошентсе да бул багытта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги өтө көп иштерди аткарып келүүдө?
Ооба, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү маселеси Экономика жана коммерция министрлигинин ыйгарым укуктары болуп белгиленген. Бирок, административдик-аймактык реформанын алгачкы этабы айыл аймактарда пилоттук режимде башталгандыгына байланыштуу, ошондой эле, биздин Агенттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары административдик-аймактык реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, Агенттик тарабынан мэрияларга, айыл өкмөттөргө, айылдык кеңештерге колдоо көрсөтүлүп, көп иштер аткарылды: Атап айтсам, пилоттук режимде бирриккен айыл аймактарынын айыл өкмөттөрүнүн ишмердигин уюштуруу маселесин, укуктук негиздерин жана штаттык бирдиктерди аныктоо максатында, Убактылуу жобо иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 токтому менен бекитилген. Ошондой эле, пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөн региондордогу айылдык кеңештердин ишмердигин уюштуруу жөнүндө Убактылуу жобо иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 87 Жарлыгы менен бекитилген. Жогорудагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында, Агенттиктин адистеринин жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн курамында жумушчу топ түзүлүп, Ысык-Көл облусунун Түп районуна жана Нарын облусунда акимдердин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, адистеринин, жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл, Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын катышуусу менен семинар-окутуулар өткөрүлүп, административдик-аймактык реформа боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көйгөйлүү суроолорго жооптор берилип, айыл өкмөттөргө колдоо көрсөтүлдү. Ысык-Көл облусунун Түп районунун бириктирилген 5 айыл өкмөтүнүн жана Нарын облусунун бириктирилген 27 айыл өкмөтүнүн санариптик базалары иреттелип, санарип аймак жана Е-kyzmat системасын үзгүлтүксүз колдонуу камсыз кылынды. Пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында бошогон муниципалдык кызматчыларга компенсацияларды төлөө маселесин чечүү жөнүндө жана башка көтөрүлгөн маселелер жана суроолор боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштар берилген.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө кандай натыйжаларга жетишилди?
Агенттик тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда административдик-аймактык реформанын жүрүшү боюнча мониторинг жүргүзүлүп, бүгүнкү күнү төмөнкү жетишкендиктер аныкталган. Пилоттук режимде бириктирилген айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, айыл башчылары толук дайындалды. Штаттык бирдиктер иретке келтирилди. Кыскартууга муктаж болгон адистерге компенсациялар төлөнүп берилди. Түп районунун жалпы 13 айыл өкмөтүнүн 201 кызматкерден 25и кыскартылып, аларга сунушталган кызматтан баш тартышкандыгына байланыштуу компенсация төлөнүп берилди. Ал эми, Нарын облусунун 63 айыл өкмөтүнөн бардыгы биригип 246 кызматкер кыскартылып, компенсация төлөнүп берилди. Жалпы кыскартылгандардын ичинен 38 кызматкер жумуш орун менен камсыз болушту. Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнү жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун долбоору иштелип чыгып, 2023-жылдын 23 — декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 735 токтому менен бекитилген. Бириккен айыл өкмөттөрүнө усулдук колдоо көрсөтүү максатында, эксперттик топ менен бирдикте «Муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн уюштуруу жөнүндө» усулдук колдонмо иштелип чыгып, Агенттиктин директорунун буйругу менен бекитилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таратылды.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда административдик-аймактык реформа пилоттук негизде жүргүзүлгөндөн кийин реформаны калган аймактарда өткөрүү максатында кандай иш-аракеттер болду?
Административдик-аймактык реформаны калган аймактарда өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрында № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы чыкты. Бул Жарлыкта республиканын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоо керектиги негизделген. Себеби, республиканын 452 айыл аймагынан 67 айыл аймагы 1 эле айылдан турган, ошондой эле курамында 10 дон 20 айылга чейин болгон айыл аймактар бар болгондугу аныкталган. Нарын жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн реформа жакшы натыйжасын берип, жайынтыгында аймакты өнүктүрүүгө, ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга жана сапаттуу кызмат көрсөтүүгө база түзүлгөндүгү белгиленген. Бул Жарлык менен Бишкек, Ош шаарларынын жана 6 облустун пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча берилген сунуштар жактырылып, административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча Жол картасы бекитилген. Жергиликтүү кеңештердин статусу, жер, суу, тазалык жана башка маселелер боюнча муниципалдык ишканаларды түзүү маселелери каралган. Ошондой эле, 2023-жылдын 1-июнуна чейин административдик-аймактык маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылган. Жогорудагы Жарлык менен Баткен облусунун 31 айыл аймагын -26 айыл аймакка, Жалал-Абад облусунун 67 айыл аймагын — 37ге, Ош облусунун 88 айыл аймагы — 58ге, Талас облусунун 37 айыл аймагын – 16га, Чүй облусунун 105 айыл аймагын – 49га, Ысык-Көл облусунун 61 айыл аймагын – 22 айыл аймакка бириктирүү боюнча облустардын берилген сунуштары жактырылды. Жалпы республика боюнча 452 айыл аймагы 235 айыл аймакка бириктирилип, 217 айыл аймагы кыскартылды. Бишкек шаарына Аламүдүн районунун 6 айыл аймагы жана Сокулук районунун 2 айыл аймагы кошулду. Ош шаарына 2 айыл аймак жана 8 айыл кошулду.
Административдик-аймактык реформага байланыштуу Агенттик тарабынан бир катар атайын жоболор, жарлыктардын, токтомдордун долбоорлору, иш-чаралар пландары иштелип, семинар – окутуулар уюштурулуп келди. Ушул жаатта кеп кылсаңыз?
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрында № 370 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору Агенттик тарабынан иштелип чыгып, 2024-жылдын 7-февралында кол коюлду (№ 24). Ошондой эле, “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору Агенттик тарабынан иштелип чыгып, 2024-жылдын 7-февралында бекитилди (№ 52). Жарлык менен бекитилген административдик-аймактык реформанын Жол картасын ишке ашыруу боюнча Агенттиктин Иш-чаралар планы иштелип чыгып, директордун буйругу менен бекитилип, башкармалыктарга жана бөлүмдөргө аткарууга берилген. Ошондой эле, административдик-аймактык реформанын максаттарын жана аткарыла турган иш-чаралар боюнча Агенттик тарабынан жумушчу топтор уюштурулуп, республиканын бардык облустарында семинар — окутуулар уюштурулуп, өткөрүлдү. Айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде Административдик-аймактык реформанын жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен бекитилген ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында Агенттиктин директорунун орун басары жана жоопту кызматкерлери иш жүргүзүп, сунуштарын жана сын-пикирлерин киргизүүдө. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан “Кыргыз Республикасынын жаңы административдик-аймактык бирдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чараларынын Календарлык планы бекитилип, Агенттиктин ыйгарым укуктарына ылайык, аткарууга каралган иш-чаралар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.