Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (АКДН) жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулады.

Агенттиктин директору  Джантаев Эльчибек Нуржадыевич меймандарды жылуу тосуп алып, жемиштүү кызматташтык үчүн ыразычылыгын билдирди.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун ортосунда «Нарын шаарындагы жаңы демилгелерди бекемдөө» долбоорунун алкагында өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бул долбоор Швейцария Өкмөтүнө караштуу Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыктын (SECO) каржылык колдоосу жана AKDN агенттиктеринин салымы менен ишке ашырылууда.

Өз кезегинде Ага Хан Фондунун өкүлдөрү пландарды ишке ашыруу үчүн жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда агенттиктин директору Эльчибек Нуржадыевич  узак мөөнөттүү кызматташууга жетишүүгө жана натыйжалуу өнөктөштүктү  ишке ашыруу боюнча  ишенимин билдирди.