Эл аралык уюмдардын жана Дүйнөлүк банктын биргелешкен демилгеси, финансалык колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан “Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү” долбоорунун алкагында “Лидер” Атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин катышуусу менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айыл аймөтүндө, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүндө, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл өкмөтүндө элдик жыйындар болуп өттү.

2023-жылдын 10-11-13-ноябрында өткөрүлгөн бул  иш чарага аталган айылдардан жалпысынан 180 адам тартылды  жана Агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундарына аталган  долбоор жана анын ишмердүүлүгү, Кыргызстанда  жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, маанилүү жана корголуучу жаратылыш аймактарынын аянттарын кеңейтүүнүн зарылдыгы тууралуу маалыматтар берилди.  Жыйындын катышуучулары микрокорукту уюштурууну бир добуштан колдошту. Жыйынтыгында, жыйынга катышуучулардан турган демилгелүү топтор түзүлүп, микрокорукту уюштурууга көмөктөшүүнү колго алуу чечилди.