Кудайберген Базарбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине сылык иш сапары менен келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Кытай Эл Республикасынын  Элчилиги тарабынан Кыргызстанда түрдүү багытта жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, өзгөчө Ду Дэвэнге өлкөбүздүн мамлекеттик кызмат системасын өнүктүрүүгө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган  кызматташуусу жана Агенттиктин демилгелерин ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келгендигин үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев кадрларды даярдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатында Кытай мамлекети менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кыргыз тараптын кызыкдар экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь айым Агенттик менен биргеликте ишке ашырылып жаткан багыттар боюнча ишти улантуу ниетин билдирди.