Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик бир катар тиешелүү ведомстволор менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  имаратында административдик аймактык  реформаны  жүргүзүү боюнча окутуу  семинар уюштурууда.

Семинарга  Ош, Баткен жана Жалал  Абад облустарындагы КР Президентинин  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун  басарлары, жергиликтүү  мамлекеттик администрациялардын башчылары, райондук финансы  бөлүмдөрү келишти.

Иш чарага Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев жана тармактык кызматкерлери катышууда.