JDS долбоорунун Башкаруу комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү

Бүгүн, 15-сентябрь, 2023-жылы жаңы топтомго (2024-2025-окуу жылдарына) JDS долбоорунун шарттарын бекитүү боюнча JDS долбоорунун Башкаруу Комиссиясынын биринчи отуруму болуп өттү.

Жолугушууга КЫргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Года Хидэки мырза, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө долбоордун негизги шарттары жана талаптары каралды:

— Максаттуу уюмдар;

— Талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар;

— Долбоорду ишке ашыруу графиги;

— Талапкерлерди тандоо ж.б. суроолор.

Тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин көбүрөөк санын долбоорго катышууга, өзгөчө республиканын региондорунан тартууга, алардын ичинен окутуудан кийин өлкө үчүн зарыл болгон маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарда жогорку кесипкөйлүк менен иштөөгө жөндөмдүү мамлекеттик кызматтагы жаштарды табууга өзгөчө көңүл бурулгандыгы белгиленди.

Жолугушуунун соңунда К. Б. Базарбаев жапон тарапка JDS долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.