Агенттик, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ирригация тармагындагы ыйгарым укуктары жөнүндөгү Методикалык колдонмонун презентациясын жана талкуулоосун өткөрдү. Иш-чарада Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-декабрынын № 151 Мыйзамына ылайык фермерлерге сугат сууну жеткирүү жана башкаруу боюнча өзгөрүүлөрдү практикада колдонуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тажрыйбасы талкууланды. Ошондой эле, жергиликтүү деңгээлде сугат сууну башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган Методикалык колдонмону презентациялар жасалды. Иш-чарага Агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун директору, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын кызматкерлери, Нарын областынын Ат-Башы районун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн, Ысык-Көл областынын Түп районунун Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн, Ош областынын Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчылары, Хельветас долбоорунун “Абад” фондунун өкүлдөрү жана Агенттиктин кызматкерлери катышты. Жазуулар боюнча багыттоо Кудайберген Базарбаев ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отурумуна катышты Кудайберген Базарбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэн менен жолугушту