Агенттик Мамлекеттик (жарандык) жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган аземдик иш чара уюштурду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан 3-июнь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик (жарандык) жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик күнүнө карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Агенттиктин ведомстолук сыйлыктары менен сыйлоо аземи болду.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Карыпбеков Улан Кадырсултанович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президеннттин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Джунушалиев Айбек Джанышбекович, Агенттиктин ардагерлеринин өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер менен Агенттиктин эмгек жамааты катышты.
Салтанатта, Агенттиктин ведомстволук “Мамлекеттик кызматтын отличниги”, “Муниципалдык кызматтын отличниги”, “Ардак грамота”, “Грамота” сыйлыктары менен алдыңдкы мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер сыйланды.
Агенттиктин директору Улан Кадырсултанович салтантта сүйлөп жатып төмөнкүлөргө токтолду: “Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган Сиздердин күндөлүк иш-аракеттериңиздердин, биздин элдин бакубат жашоосуна, мамлекеттик кызматкерлерине болгон ишенимди жана сый-урматты жогорулатууга кошкон салымы зор. Андыктан мындан ары карай дагы, ак ниеттүүлүк менен өлкө үчүн кылган кызматыңыздарды уланта бересиздер деп ишенем.
Мамлекеттик кызматкерлердин жүзү жана чыныгы үлгүсү сиздер экениңиздер анык. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаңыдан киришип жаткан, жаш кадрлар сиздерди карап түздөнөт жана аракетте болот. Андыктан ак ниеттүүлүк менен мамлекет үчүн кылган кызматыңыздар жогорку баага татыктуу”.
Кошумчалай кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын отличниги төш белгилери аталган кызматтарда он жылдан кем эмес эмгек стажысы бар, иши менен өзгөчөлөнө алган, иштеген мекемесинин жетекчисинин сунушу аркылуу, атайын комиссиянын кароосунан өткөндөргө ыйгарылат.
Баардык сыйлык ээлерин куттуктайбыз!