Агенттик менен биргеликте уюштурулган «Мектептеги тамактанууну жайылткан эң мыкты айыл өкмөтү» сынагы
«Мектептеги тамактанууну жайылткан эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жыйынтыгын чыгаруу бойунча Чуй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтүндөгү С. Мырзакматов атындагы орто мектептин ашканасына, азык-түлүк сактоочу жана окуучулардын тамактануучу жайларына айыл өкмөтү тарабынан канчалык деңгээлде шарт түзүлүп жаткандыгы тууралуу жеринен 3 тараптуу комиссия таанышып келишти.
Атайын комиссиянын курамына Агенттиктен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо жана колдоо көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Саттаров Нурсултан, Мерсико (Mercy Corps) эл аралык уюмунан 2 өкүл, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүүн 1кызматкери киргизилген.
Долбоор Агенттик менен Мерсико (Mercy Corps) эл аралык уюму ортосунда Макговерн-доулдун “Билим берүү үчүн азык-түлүк жана балдардын тамак-ашы” эл аралык программасын ишке ашыруу жаатындагы кызматташуу жөнүндө Меморандумдун негизинде ишке ашууда.
Кошумчалай кетсек, Агенттиктин буйругу менен “Мектептеги тамактанууну жайылткан эң мыкты айыл өкмөтү” сынагын өткөрүү бекитилген.