Кудайберген Базарбаев Түрк мамлекеттер уюмунун Самарканддагы жыйынына катышууда
Кудайберген Базарбаев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча 2-жыйынына Кыргыз Республикасынын атынан катышууда. Жыйында адам ресурстарын өнүктүрүүдө кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери каралмакчы.
2022-жылы 28-29-июлда Стамбулда өткөрүлгөн адам ресурстары боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун биринчи отурумунда катышуучу өлкөлөр биргелешип ишке ашырыла турган бир катар чараларды макулдашышкан. Анын ичинде тематикалык жумушчу топторду түзүү, тажрыйба алмашуу программалары жана мүчө мамлекеттердин мамлекеттик, муниципалдык кызматчылары жана ТМУнун байкоочулары үчүн комплекстүү окутуу программасын ишке киргизүү каралган.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору – Кудайберген Базарбаев Түрк мамлекеттери уюмунун Самарканддагы жыйында сөз сүйлөп төмөнкүлөргө токтолду.
“Түрк мамлекеттер уюмунун адам ресурстарын өнүктүрүү маселелерине арналган бул маанилүү жыйынында сиздерди куттуктаганыма кубанычтамын. Баарыбыз бүгүн мамлекеттерибиздин өнүгүшү үчүн негизги ресурс болгон адам ресурстарына байланыштуу маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн келдик. Түрк мамлекеттери биргелешип өнүгүү үчүн зор потенциалга ээ.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич былтыр ноябрда Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын саммитинде «Күч биримдикте» деп баса белгилеген. Биздин биримдик кызматташуу жана диалог тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө алып келерин көрсөтүп, башка аймактарга жана мамлекеттерге үлгү боло алат”.