Кудайберген Базарбаев жергиликтүү жамаатарды майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агаенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевичтин Жергиликтүү жамааттар Күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!

Сиздерди,  майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жергиликтүү жамааттар — мамлекеттин бирдиктүү саясатынын ишке ашуусуна  түздөн-түз катышып өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп келесиздер. Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “Аймактар өнүксө — өлкө өнүгөт” деп баса белгилөө менен бизге тийиштүү тапшырмаларды берип, аткарылуусун дайыма көзөмөлдөп келет. Бүгүнкү күндө коомчулуктун дагы активдүүлүгү жогорулап, жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди чечүүдө чоң күч болууда.

Кылым долбоору делген Чоң-Чүй каналы өткөн доордун белеги болсо, Кадамжайдагы “Алга кадам” долбоору учурдагы жергиликтүү жамааттарга үлгү болоор демилге. Ошондой эле, Аравандагы Алля Анаров айыл аймагындагы жолго таш төшөөнү, Ысык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой жана башка айыл өкмөттөрүндөгү жасалып жаткан алгылыктуу иштерди атай алабыз.

Учурда, жогорку бийлик калктуу конуштардын инфраструктураларын өнүктүрүүдө, элибизге сапаттуу кызмат көрсөтүү менен көйгөйлүү маселелерин чечүүдө сыртта карап турганы жок. Анын мисалы катары облустук, райондук маанидеги шаарлардын ички жолдоруна асфальт басылып жатканы тарыхта боло элек иш экени анык.

Урматтуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, Сиздерге мамлекетибиздин өнүгүүсүнө   салым кошуп, элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, жигердүү эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.

Элибиздин ыраашкерлиги артып, өлкөбүздүн өнүгүү жолундагы сапары кылымдарга улана берсин!