Кудайберген Базарбаев Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнүнт утурлай уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты

Иш чарага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Базарбаев Кудайберген Базарбаевич жана эмгек жамаатты, КР Президентинин Администрациясынын Азамат Шамеев, КР Жогорку Кеңешинин депуттаты Максатбек Сарбагышев, КР ЖӨБ союзунун директору Бектурган Орозбаев,  Чүй облусунун Райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары, Бишкек шаарынын өкүлдөрү, Айыл өкмөт башчылары, Жергиликтүү кеңештеринин төрагалары, жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү келди.

Салтанатты Агентиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев ачып, К.Б. Базарбаевге сөз берди. Жетекчинин салтанаттагы куттуктоо сөзүнөн үзүндү келтиребиз:

“Жергиликтүү жамааттар- мамлекеттин бирдиктүү саясатын ишке ашуусуна түздөн-түз катышып өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп келесиздер. Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич “Аймактар өнүксө-өлкө өнүгөт” деп баса белгилөө менен бизге тийиштүү тапшырмаларды берип, аткарылуусун дайыма көзөмөлдөп келет. Бүгүнкү күндө коомчулуктун активдүүлүгү жогорулап,   аймактык деңгээлдеги маселелерди чечүүдө чоң күч болууда. Кылым долбоору делген Чоң-Чүй каналы өткөн доордун белеги болсо, Кадамжайдагы “Алга Кадам” долбоору учурдагы жалпы элге  үлгү болоор демилге. Ошондой эле, Аравандагы Алля Анаров айыл аймагындагы жолго таш төшөѳ, Ысык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой, Аламүдүн районундагы Аламүдүн   жана башка айыл өкмөттөрүндөгү жасалып жаткан алгылыктуу иштерди атай алабыз. Ѳзгѳн районундагы Жылалды айыл ѳкмѳтү жергиликтүү маселелерди чечүүдѳ, атап айтсак, ички жолдорду оңдоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, социалдык объекттерди куруу жана оңдоо сыяктуу иштерде жергиликтүү жамааттар менен иштѳѳнүн  эң жогорку үлгүсүн кѳрсѳтүп келет. Учурда, бийлик өкүлдөрү калктуу конуштардын инфраструктураларын өнүктүрүүдө, элибизге сапаттуу кызмат көрсөтүп, алардын көйгөйлүү   маселелерин чечүүдө сыртта карап турганы жок. Анын мисалы катары  ички жолдоруна асфальт басылып жатканы алкоого татыктуу иш экени анык. Жер, жерлерди өнүктүрүү үчүн жамааттык жалпы жашоонун ченемдерин чыңдоо  боюнча демилге көрсөтүү максатында жергиликтүү  жамааттардын  активдүүлүгүн жогорулатуу  учурдун талабы. Бул багытта Агенттик Жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын иштеп чыгып бекиткен жана аны бардык шаардык, айылдык кеңештерге жеткирген.Типтүү уставда негиз катары он эки ички жашоо эрежелери киргизилген”.

Иш чарада, Агенттиктин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Ж. Омурзаков аткарылган иштер менен максаттар тууралуу презентация жасаса, ЖӨБ органдарын укутук камсыздоо секторунун башчысы Аксакалдар соту, жергиликтүү жамааттардын укук ченемдик актылары боюнча баяндама кылды.

Салтанаттын башталышында, Агенттик тарабынан даядалган видео ролликтер көрсөтүлсө, аягында Жергиликтүү жамаатардын “Шайыр апалар” тобу чакан концерт тартуулашты.

Ошондой эле, Агенттиктин жетекчилигинин тапшырмасы менен аймактарда дагы Жергиликтүү жамааттар күнүн белгилөө иш чаралары өткөзүлүп баштады. Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мартындагы № 107- “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнүн белгилөө жөнүндө” токтомуна ылайык, октябрь айынын акыркы жекшембиси жыл сайын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын күнү белгиленип келет.

Андан сырткары, Жергиликтүү жамаатардын өкүлдөрүнө жана аларга жакындан колдоо көрсөтүп эмгеги сиңген инсандарга агенттиктин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.