Кудайберген Базарбаев эмгек жамаатын Ата-Бейит тарыхый-мемориалдык комплексине алып барды
Кудайберген Базарбаевдин демилгеси жана жетекчилиги менен Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин эмгек жамааты Тарыхты жана ата бабаларды эскерүү күнүнө карата Ата Бейит мемориалдык комплексине эскерүү сапары менен барды.
Иш чара, мамлекеттик кызматкерлердин, ата-бабалардын басып өткөн жолун билүүсү менен мамлекетчилдикке үндөө, мекенчилдикке тарбиялоо, ынтымакка чакыруу максатын көздөп уюштурулду.
Мамлекеттүүлүктү чыңдоонун башатына өмүрүн берген инсандар, алардын мекенге чексиз сүйүүсү, кызмат менен артылган эл жүгүнө жан аябас мамилелери тууралуу кырдаалдарды дагы бир ирет эске алып, таазим этүү менен өрнөк ала билүү сапардын негизги максаты болду.
Бүгүн мамлекет бизге ишеним менен тапшырган кызматтык жүгүбүз мейли кичине, мейли чоң болсун — аны татыктуу, ак ниет аркалагандардан бололук!
Уюштуруу тобу: Пресс-катчы — С. Босумбаев, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу Б. Джээнбаев, директордун кеңешчиси А. Набитаев.