Кудайберген Базарбаевдин Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосу
«Урматтуу, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, сиздерди Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!
Кыргыз басма сөзүнүн түптөлүшүнө 99 жылга аяк басты. Кыргызда “эки тогуз бир келбейт”, “Тогуз токоч баабедин, тогуз аксарбашыл” дешип, бар тилегин, ырымдап, купуялуу тогузга да байлашкан. Мына быйыл 99-жылга толуп, мамлекетүүлүк менен басма сөз эриш аркак ээрчишип, эки тогуз бир келип отурганы эмей эмине. Кыргыз автономиясы түптөлөрү менен өз басма сөзүнө болгон муктаждыкты жоюу аракетинде, туңгуч “Эркин Тоо” гезити жарыкка чыккан. Мына ошол 7- ноябрды символикалуу түрдө Кыргыз Республикасынын “Маалымат жана басма сөз күнү” деп жарыялап майрамдап келебиз. Ала-Тоолуктардын алгачкы басылмасын, кыргыз журналистикасынын көч баштоочулары — Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов деген залкар инсандарыбыз даярдап, басмага беришкен.
Ооба, учурда дагы салттуу, классикалык, заманбап массалык маалымат кайраткерлеринен уучубуз куру эмес. Мурдарак маалыматчылар катары классикалык жана салттуу жолдогу журналистерди билип келсек, доор алмашуусу, заманбап технологиялардын пайда болушу менен жаңы таанымдарды коштой кесип ээлери да келип чыкты. Атай өтсөм, алгач өздөрүн эркин журналист аташкандарга коомчулук кулагын көндүрө баштаса, учурда маалыматтык активисттер, блогерлер пайда болду.
Ошондой эле интернет айдыңынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен мамлекеттик органдардын пресс-катчылары дагы коомчулукка тигил же бул маалыматты түз таратууну колго ала алышты. Демек бул майрамдын сыйлуу кайраткерлеринин алкагы кеңейип бара жатканы анык. Бирок бул, расмий жана салттуу массмедияга муктаждык жок дегендикке жатпайт. Классикалык журналистиканы алып жүрүүчүлөр жаңы кесип ээлерине үлгү болот деп терең ишенем. Сиздердин эң негизги, озуйпаңыздар болгон эл агартуучулук менен кошо коомго күзгү болуп алга жетелөөдө ордуңуздар чоң.
Жалпыңыздарга түмөн түйшүктүү, ары абыгерлүү ишиңиздерге ийгилик, кара кылды как жарган калыстык, чыгармачылык эргүү, өзүңүздөргө үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден-соолук каалайм!»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Базарбаев Кудайберген Базарбаевич.