Кудайберген Базарбаев “Маалымат жана басма сөз күнүн” утурлай массмедианын өкүлдөрүн куттуктады
Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан уюштурулган 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата салтанаттуу иш чарага катышты. Мамлекеттин бирдиктүү маалымат саясатына, агенттиктин коомчулук менен байланышына кошкон салымдары үчүн маалымат чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө бир катар сыйлыктарды тапшырды.
Кудайберген Базарбаев маалымат айдыңында эмгектенген кесиптештердин түмөн түйшүктүү, ары абыгерлүү иштерине ийгилик каалоо менен келе жаткан кесиптик майрам күнү менен куттуктады.
Майрамдык жолугушууга директордун орун басары, М.К. Байдылдаев, ЖӨБ Союзунан Ө.Б. Алманбетов жана медиа өкүлдөрү Т.Ш. Токтогазиев, Т. Наматбаева, В.М. Черникова, М.В. Гречанная, Б.Т. Сакыбаев ж.б. катышты.