Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтиктүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мыйзамда көрсөтүлгөн 35 жашка чейинки жаш кызматкерлери менен атайын жолугушту.
Жолугушуу эркин баарлашуу форматында өтүп, жаштардын Агенттиктин ишин жакшыртуу жана мамлекеттик, муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерине байланышкан ой максаттар, сунуштарын укту. Бул саамалык жаш адистерге жаңы дем, күч бере алды.
Ушул күнгө чейин жетекчи менен жаштар ортосунда мындай баарлашуу болгон эмес, бул жолугушуу жаштарга аябагандай жакты.
Ошондой эле, жетекчи өз сөзүндө мындан кийин жаштар менен жолугушуулар өткөрүлүп турарын билдирди.