Агенттик тарабынан Административдик аймактык реформанын жүрүшү боюнча Нарын облусунда тажырыйба алмашуу иш чарасы уюштурулду
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде жүргүзүлгөн административдик аймактык реформа боюнча Чүй облусунун ар райондорунан кызматкерлер Нарын облусуна барышып, аракеттеги долбоору боюнча тажрыйба алмашты.
Нарын облусунда пилоттук тартипте ишке ашып жаткан Административдик-аймактык реформалоо долбоору боюнча тажрыйба алмашуу максатында КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Назгүл Касымова жетектеген делегацияга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан презентациялар көрсөтүлүп долбоорду ишке ашыруудагы кадамдар, санариптештирүү иштери, тоскоолдуктар, көйгөйлүү маселелер боюнча кеңири маалыматтар айтылып Чүй облусунун делегаттары тарабынан көйгөй жаратып жаткан маселелер боюнча суроолоруна жооп ала алышты.
Мисалга алганда айылдык кеңештин төрагаларын шайлоодо кандай көйгөйлөр жаралды жана аны чечүү жолдору, айыл өкмөттүн аталышын тактоодогу маселелер менен бир катар сулоолор берилип, жооптуу кызматкерлер тарабынан маалыматтар берилди.
Административдик-аймактык реформа долбооруна удаалаш пилоттук негизде Министрлер Кабинетинин №713-токтомунун негизинде ишке ашып жаткан айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу долбоору боюнча да презентация жасалды.
Ирилештирүү долбоорундагы тажрыйбалар Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мисалында көрсөтүлүп иштеп жатакан кызматкерлер менен маектешүүлөр болуп кандай тоскоолдуктар болгонун алдыдагы облустарда башталуучу административдик аймактык реформалардын тоскоолдуксуз жүрүшү боюнча ой пикирлер айтылды.