Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Ч.Ч.Ачикеева жана башкармалыктын кызматкерлери Талас районунда болушуп, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким менен жолугушту. Жолугушуу учурунда жакынкы убакта жүргүзүлө турган  административдик-аймактык реформа жөнүндө талкуулар болду. Мындан тышкары райондо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 169 Жарлыгы менен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө”  Жобосунун аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө Жоболорунун аткарылышы боюнча маалыматтар угулду.

Андан соң, Талас районунун Көк-Ой айыл айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппарат кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышы, муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсү жана муниципалдык кызматчыларды   аттестациялоо боюнча   кенен усулдук жана консультативдик жардамдар көрсөтүлүп, бир катар суроолорго жооптор берилди.