Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу боюнча Стратегиянын IV-пунктуна ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын потенциалын арттыруу үчүн ЖОЖдор менен өз ара аракеттенүү системасын калыптандыруу иштери жолго коюлууда.
Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка перспективдүү жаштардын келишин популярдаштыруу максатында Талас мамлекеттик университетинде мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн окуу жайда КОМПЬЮТЕРДИК СЫНАМЫК ТЕСТИРЛӨӨ БОРБОРУ ачылды.
Иш чарага, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Ачикеева Чолпон Чекировна жана Талас мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу, филология илимдеринин доктору профессор Жумалиев Самат Субанкулович катышты.
Сынамык тестирлөө борборунун компьютердик жабдуулары жана кеңсе эмеректери Агенттик тарабынан камсыздалды.
Бул саамалык учурдун талабы болуп саналат. Анткени, аймактарда кадрлар резервине тандоо сынактарында көпчүлүк кадрлар 30дан жогору баллга жетише албай жатышкандыктары тууралуу маалыматтар бар.
Көгөйдү чечүү менен бирге облустагы кадр саясатынын жакшырышына салым кошулат деп ишенсек болот.