Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Ч.Ч.Ачикеева жана агенттиктин бир катар кызматкерлери Талас облусунда иш сапарда жүрүүдө.
Иш сапардын алкагында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.К.Дарданов менен жолугушуп, облуста жүргүзүлө турган административдик-аймактык реформанын долбоору менен таанышып, алдыдагы иштер, көйгөйлөр жана сунуштар талкуулашты.