«ЖАШ ЛИДЕРЛЕР» ПРОГРАММАСЫ БАШТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-2025 жылдарга «ЖАШ ЛИДЕРЛЕР» (Young Leaders’ Program) стипендиялык программасы боюнча кандидаттарды кабыл алуу башталганын жарыялайт.

 

Программа Азиянын жана башка мамлекеттердин жашоосунда актидүү катышууну каалаган жаш, перспективдүү адистерге багытталат.

 

Аталган программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн ЯПОНИЯНЫН университеттеринде МАГИСТР даражасын алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Квалификациялык талаптар:

(1)«School of Government» программасы үчүн:
— Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
— Жашы: 2024-жылдын 1-октябрына карата 40тан ашпаган (1984-жылдын 2-октябрынан кийин туулгандар).
— Англис тили: TOEFL-iBT 79дан көп, IELTS (Academic) 6.0 дөн көп (Окуу англис тилинде жүргүзүлөт).
— Окуу убактысы: 1 жыл (магистратуранын жылдык курсу)
— Иш тажрыйбасы: мамлекеттик органда 3 жылдан кем эмес, 2024-жылдын 1-октябрына мүмкүн болсо 5 жылдан ашык.

— Билими: Жогорку (адистиги же бакалавр боюнча диплом)

(2)«Healthcare Adminiatration» программасы үчүн:
— Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
— Жашы: 2024-жылдын 1-октябрына карата 40тан ашпаган (1984 жылдын 2-октябрынан кийин туулгандар)
— Англис тили: TOEFL-iBT 80ден көп, IELTS (Academic) 6.0 дөн көп (диссертация талкуулоого жана даярдоого англис тили керек)
— Окуу убактысы: 1 жыл (магистратуранын жылдык курсу) 2024-жылдын октябр аянан 2025-жылдын сентябырына чейин.
— Иш тажрыйбасы: мамлекеттик жана муниципалдык медициналык мекемелерде, 2024-жылдын 1-октябрына карата 5 жылдан кем эмес.
— Билими: жогорку (медицина багытында адистиги же бакалаврдын диплому).

Кандидаттардын баардык документтери (Арыздын формасы, медициналык форма, сунуш каты, эссе ж.б.) англис тилинде толтуруу керек.

Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 15-сентябрында саат 18.00гө чейин Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ агенттигинин дарегине (Чүй пр 122)  тапшырууну билдирет.

 

Документтердин формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин сайтында www.mkk.gov.kg (Кызматкерлерди окутуу > Чет өлкөдө уузак мөөнөттүү окуу > Япония узак мөөнөттүү курстар) баракчасында жана Кыргыз Республикасынын Япония элчилигинин сайтында                                                                                                        https:/www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ja/11_000001_00273.html жайгашкан.

 

Байланыш номерлер:    +996 312 62-02-42  Айдана, Назира

+996 312 62-04-31  Мээримбек.