2022-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Р.М. Алыкулов жана Улуттук статистикалык комитетинин бөлүм башчысы А.Ж. Жаркынбаева, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.К. Байгончоков, аппарат жетекчиси А.С. Садырбеков, Бишкек шаарынын райондук администрация башчыларынын катышуусунда Бишкек шаардык мэриясында жыйын өттү.
Жыйында “Санарип аймак” тутумуна “Паспорт МТУ” тутумун интергациялоо боюнча, Бишкек шаарынын муниципалдык территориялдык башкармалыктарына “Санарип аймак” тутумун киргизүү жөнүндө маселе каралды. Бишкек шаардык мэриясынын жетекчилиги тарабынан “Санарип аймак” тутумуна колдоо көрсөтүлүп , 2022-жылдын 23-27-майына чейин Бишкек шаарынын муниципалдык территориялдык башкармалыктарына тутумду туташтыруу боюнча график түзүлөт.
“Санарип аймак” тутумунун негизги максаттары үй-чарба китептерин санариптештирүү, ЖӨБ органдарнын кызматкерлеринин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө ишин жеңилдетүү жана калкка аз убакытда сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп эсептелет.