Адеми Абдыкулова: Бишкек шаарынын мэриясында мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесинин 5-бөлүгүндө тартиптик жаза кызматчыга жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жорук жасалган жагдайларды эске алуу менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан салына тургандыгы каралган. Жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-декбарындагы № 356 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүү жүргүзүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга карата кызматтык териштирүү жүргүзүүдө кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссиянын курамына жогору турган органдын өкүлдөрү киргизилет. Бирок бул ченемдер сакталбастан тартиптик жаза колдонгон учурлар кездешти. Мониторингдин жыйынтыгы менен аталган айрым мыйзамдык мүчүлүштүктөрдү жоюу сунушу берилди.