Кудайберген Базарбаевдин Кыргызстандагы Кытай элчиси менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында мамлекеттик кызматкерлер Үрүмчүдө кыска мөөнөттүү окуудан өтүп жатышат
Кудайберген Базарбаевдин эл аралык кызматташтыктагы иш аракетинин натыйжасында 23 мамлекеттик кызматкер чет мамлекетке кыска мөөнөттүү окууга жиберилди.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу, окуттуу жана кайра окуттуу ишин алып барат.
Эл аралык кызматташтыктагы жетишилген ишмердиктердин аркасында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян -Уйгур автономдук районунун Үрүмчү шаарында, Кыргыз Республикасынын 23 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкери “Кыргызстанга маалыматтык –технологиясы” темасында окуттуу-семинардан өтүшүүдө.