Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым айыл аймактарды жана айылдарды (14) кайра атоо боюнча мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өткөрүлүп,  Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүүгө даярдалды.

-“Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым   калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору даярдалды. Бул мыйзам долбоору менен 22 калктуу конуш айыл категориясына киргизилет (айыл макамы ыйгарылат).

Мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өткөрүүгө жана Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизүүгө даярдалды.

-Кыргыз Республикасынын аймагында массалык спорттун жана дене тарбиянын сапаттык деңгээлин жогорулатуу, жергиликтүү калкка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине дене тарбия жана спорт менен машыгууга кеңири жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин ортосундагы кызматташтыкты, командалык духту жана патриоттуулукту өнүктүрүү максатында кичи футбол боюнча «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кубогу»  республикалык мелдешин өткөрүү КР ЖӨБ Союзу менен биргеликте пландаштырылып, аталган мелдештин Жобосу иштелип чыкты.