Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде  кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

 Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

  • Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: Социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн адиси

Кесиптик билимдин деңгээли:

–Экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер боюнча жогорку билим;

— иш стажына талаптар коюлбайт;

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдары:

1.   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  3. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;
  4. Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы.

 

  • Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: Иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн адиси

Кесиптик билимдин деңгээли:

–Экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык   илимдер боюнча жогорку билим;

— иш стажына талаптар коюлбайт;

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламентөөчү мыйзамдары:

1.  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  1. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамын;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  3. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы.

—    билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө:

көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Айтматов району, Кызыл-Адыр айылы,  Чолпонбай көчөсү №4, Тел. 03456 2-67-62