Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” Жобого ылайык башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобуна кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, табигый илимдер, техникалык, архитектура жана курулуш, гуманитардык илимдер, энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  5. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”.

Тийиштүү тармактагы мыйзамдары:

1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

2. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

5. Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын  административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү  жана анын  иштөөсү  жөнүндө” Жобо.

 

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобуна кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, табигый илимдер, техникалык, архитектура жана курулуш, гуманитардык илимдер, энергетика тармактарында).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү: 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;
  3. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  4. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  5. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тийиштүү тармактагы мыйзамдары:

1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;

3.  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын  административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө” Жобо.

Конкурска катышууну каалаган жарандар жарыянын тексти веб-сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы  https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу төмөндөгү (сканерден өткөрүлгөн) документтерди тиркөө аркылуу электрондук өтүнмөнү берүү менен катыша алат:

  • талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен);
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
  • резюме сүрөтү менен (электрондук почтаны, байланыш номерин, ИНН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
  • акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;
  • акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн “Кыргызтестен” өткөн (В1) деңгээлден төмөн эмес сертификатынын көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспортунун көчүрмөсү.

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга ылайык келген, документтери белгиленген талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык конкурска андан ары катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Эгерде талапкер тестирөөдөн өтсө, анда документтердин түп нускаларын өтүнмө берилген документтерге салыштыруу үчүн персоналды башкаруу кызматына аңгемелешүү этабы башталганга чейин алып келип көрсөтөт.

Зарыл болгон учурда комиссия тарабынан кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Дареги: Ош облусу, Алай району, Гүлчө шаары, Алымбек Датка көчөсү – 110, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын имараты, 3-кабат 2-кабинет.

Байланыш тел.: (03234) 5-14-10

 

wpChatIcon
wpChatIcon