Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы административдик муниципалдык кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансылык-экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылды 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соттору жөнүндө Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктердү издөө; – өзүнүн ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – кириш-чыгыш документтер менен иштөө; – айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин чечимдерин, жогору турган мамлекеттик башкаруу органдарынын тапшырмаларын аткаруу боюнча уюштуруучулук иш, отчетторду даярдоо, эмгек мыйзамдарын сактоо; – инвестицияларды тартуу; – бизнес долбоорлорду даярдоо; – жарандардын арыздары менен иштөө жана кабыл алуу. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – түзүмдүк бөлүмдү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин. кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдыңда сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Конкурска талап кылынуучу документтердин тизмеси: – талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен); – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен; – резюме сүрөтү менен (электрондук почтаны, байланыш номерин, ИНН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен); – акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү; – акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү; – акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн “Кыргызтестен” өткөн (В1) деңгээлден төмөн эмес сертификатынын көчүрмөсү; – илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; – паспортунун көчүрмөсү. Документтер жарыянын тексти веб-сайтка чыккан күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Ош облусу, Кара-Суу району, Нурдар айылы, Бабур көчөсү – 22/2 дареги боюнча Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Байланыш тел.: 0705760976 Жазуулар боюнча багыттоо Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы