Курманжан Датка айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө” Жобого ылайык башкы жана улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы жана улук тобуна кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

Башкы  административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
  8. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  10. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
    3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Курманжан Датка айыл өкмөттүн башкы тобуна коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-А жана Б-Б)

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

  • жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Техникалык, Гуманитардык).

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы;

3)      кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси;

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Ички жер которуу жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2026-жылдын 13 – февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана  иштөөсү  жөнүндөгү” № 43 Жарлыгы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүү;

 

Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашуруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуусу

 

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
    3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  7. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

 

Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн улук тобуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А жана У-Б)

1)      кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим (Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча, социалдык илимдер гуманитардык илимдер, педогогикалык билим берүү, табият таануу илимдери )

2)      иш стажы жана тажрыйбасы:

  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3)      кесиптик компетенттүүлүгү:

  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» Мыйзамы;

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүү;

 

Мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашуруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуусу

Конкурска катышууну каалаган жарандар жарыянын тексти веб-сайтка жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде “е-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы  https://kyzmat.gov.kg жеке кабинети аркылуу төмөндөгү (сканерден өткөрүлгөн) документтерди тиркөө аркылуу электрондук өтүнмөнү берүү менен катыша алат:

  • талапкердин жеке арызы (кызматтын тобун көрсөтүү менен);
  • кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча сүрөтү менен;
  • резюме сүрөтү менен (электрондук почтаны, байланыш номерин, ИНН жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен);
  • акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;
  • акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн “Кыргызтестен” өткөн (В1) деңгээлден төмөн эмес сертификатынын көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспортунун көчүрмөсү.

Эскертүү: Квалификациялык талаптарга ылайык келген, документтери белгиленген талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык конкурска андан ары катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Эгерде талапкер тестирөөдөн өтсө, анда документтердин түп нускаларын өтүнмө берилген документтерге салыштыруу үчүн персоналды башкаруу кызматына аңгемелешүү этабы башталганга чейин алып келип көрсөтөт.

Зарыл болгон учурда комиссия тарабынан кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Дареги: Ош облусу, Алай району, Боз-Караган айылы, А. Маматов атындагы көчөсү – 5, имараты, Курманжан Датка айыл өкмөтү 2-кабат 1-кабинет.

Байланыш тел.: 0558222120

wpChatIcon
wpChatIcon