Араван райондук ветеринардык башкармалыгы ички резервке алууга кенже жана улук, мамлекеттик жарандык административдик бош орун кызматтарга сыноо жарыялайт 1.Улук административдик кызматына ички резервке турууга 1.1.Кесиптик билим деңгээли: – Жогорку ветеринардык врач. 1.2.Эмгек стажы жана иш тажырыйбасы: -Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Улук административдик кызматына жалпы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар – Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндөгү” мыйзамы, – Кыргыз Республикасынын “Субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана азык түлүктөрдү идентификациялоо жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 29-январь№56 токтому; Жеке сапаттары Акылдуулук: -Ишти стратегиялык пландаштыруу жана аны чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу, пайда болгон көйгөйлөргө; -чечүү үчүн иновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө коюлган милдеттерге; -Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу, ведомостволор аралык өз ара аракеттенүү. Ишкердик жазуу көндүмдөрү: -Белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, жаңы болгон көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары; -ишкер баарлашууну жана кеңешмелерди,жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү. -компьютердик жана башка орг. техникаларды башкаруу. Кенже административдик кызматына 2.1.Кесиптик билим деңгээли: – Жогорку кесиптик билим берүү “Айыл чарба боюнча” ветеринардык врач. 2.2.Эмгек стажы жана иш тажырыйбасы: Талап кылынбайт. Кенже административдик кызматына жалпы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар -Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндөгү” мыйзамы -Кыргыз Республикасынын “Субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Жаныбарларды жана азык түлүктөрдү идентификациялоо жөнүндө” мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 29-январь№56 токтому; Жеке сапаттары Акылдуулук: -Ишти стратегиялык пландаштыруу жана аны чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу, пайда болгон көйгөйлөргө; -Чечүү үчүн иновациялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө коюлган милдеттерге; -Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу, ведомостволор аралык өз ара аракеттенүү. Ишкердик жазуу көндүмдөрү: -Белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана божомолдоо, жаңы болгон көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары; -ишкер баарлашууну жана кеңешмелерди,жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү. -компьютердик жана башка орг. техникаларды башкаруу. Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат. 1. Арыз. 2.Дипломдун көчүрмөсү, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн. 3.Паспорттун көчүрмөсү. 4.Сүрөт 3х4=4 даана. 5.Таржымал (Резюме) 6.Өмүр баяны. 7.Ден соолугу боюнча медициналык тактама. 8.Эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн. Документтерди кабыл алуу: 10 календардык иш күнү, 2023-жылдын 14-августуна чейин Дареги: Араван району Ленин көчөсү-100 Араван райондук ветеринардык башкармалыгынын жетектөөчү адисине кайрылыңыздар. Байланыш тел. (03231 )5-12-96. Электрондук почта aravan.rayonu@mail.ru Жазуулар боюнча багыттоо КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ КАЛДЫК САКТООЧУ ЖАЙЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ БОЮНЧА ДЕПАРТАМЕНТИ Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти