Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

  •  Жогорку билим;
  •  Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Улук административдик кызмат орундарына талапкер болгон талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси:

Жалпы Мыйзамдар:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы

2)Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”  Мыйзамы;

3)Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Мыйзамы;

4)Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө»  Мыйзамы;

5)Кыргыз Республикасынынт “Коррупцияга каршы кары күрөшүү жөнүндө»  Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

7) Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы.

Предметтик мыйзамдар:

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндү” Мыйзамы;

 Иш билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 Көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

– мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санарип сабаттуулукка ээ болуусу.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

-Жеке арызы;
-Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны,

-Негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтеринин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

-Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим -гуманитардык (философия,саясат таануу, психология, тарых, юриспруденция, журналистика, эл аралык мамилелер, филология, маданият таануу), экономика жана башкаруу (экономика, менеджмент, персоналды башкаруу, бизнести башкаруу, мамлекеттик жана мунипалдык башкаруу,маркетинг) жана коомдук илимдер.

-Эмгек китепчесинин (иш стажысы бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

-Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документеринин (бар болсо) мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

-Папорттун көчүрмөсү ( түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);

Конкурск  жарыяланган күндөн тартып 10 кун ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер делого тиркелип, Ат-Башы айылы, М.Өмуракунов көчөсү №133, Ат-Башы райондук  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш.

Сурап билүү үчүн байланыш номер: 0(3534)6-00-41

Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска катыша алышпайт.

 

 

Башкармалыктын башчысы:                                       Т.Султангазы уулу