Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек: Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: -Жогорку билим; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: -Жогорку билим; – иш стажы талап кылынбайт. -Улук административдик кызмат орундарына талапкер болгон талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: -Жалпы Мыйзамдарды билүү үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2)»Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: -«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кенже административдик кызмат орундарына талапкер болгон талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеси: -Жалпы Мыйзамдарды билүү үчүн: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2) «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; Предметтик мыйзамдарды билүү үчүн: -«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – «Кыргыз Республикасынын Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндөгү жобосу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 Токтому; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: -Жеке арызы; -Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны(сот жообуна тартылбагандыгы жөнүндө маалымдама) -Негизги жана кошумча билимин ырастоочу документтеринин мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; -Кесиптик билимдин дещгээли: Жогорку билим -гуманитардык (философия,саясат таануу,психология,тарых,юриспруденция,журналистика,эл аралык мамилелер,филология,маданият таануу),экономика жана башкаруу (экономика,менеджмент, персоналды башкаруу, бизнести башкаруу, мамлекеттик жана мунипалдык башкаруу,маркетинг) жана коомдук илимдер. -Эмгек китепчесинин (иш стажысы бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; -Илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документеринин (бар болсо)мамлекеттик нотариус же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; -Папорттун көчүрмөсү ( түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт); – Конкурск жарыяланган күндөн тартып 10 күн ичинде кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн документтер делого тиркелип, Ат-Башы айылы, М.+мүракунов көчөсү №133, Ат-Башы райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына тапшырылууга тийиш. Сурап билүү байланыш номер: 0(3534)6-00-41 Квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурска чакырылбайт. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык башкы, улук жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт. Нарын райондук мамлекеттик администрациясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык Улук кызмат орундарына аппараттын кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт.