Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын региондук башкармалыктарына башкы жана улук мамлекеттик административдик жарандык кызмат орундарынын ички кадрлар резервине кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт. Бардык административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына жалпы квалификациялык талаптар Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн Төмөндөгүлөрдү билүү: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 4.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8.“Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9.“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 11.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук топтору үчүн Төмөндөгүлөрдү билүү: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 7.“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Ветеринария жана фитосанитария тармагы боюнча шаардык жана региондук башкармалыктарынын башчылары жана орун басарлары административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн кесиптик билимдин деңгээли: – айыл чарба жана айыл чарба илимдери тармагындагы зоотехния, ветеринария, ветеринардык-санитардык экспертиза жана агрономия, агрохимия жана агрожер кыртышын таануу багыты, бак өстүрүүчүлүк, агроинженерия, биотехнология, гуманитардык илимдер тармагындагы юриcпруденция, табият таануу илимдери тармагындагы биология жана жаратылышты колдонуу жана экология багыты боюнча жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: Билүү: – Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси; – “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 “Жаныбарлардын ооруларын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 268 “Тоюттардын жана тоют кошумчаларынын коопсуздугу жөнүндө “Техникалык регламентти бекитүү тууралуу” токтому; – “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 16-майындагы № 149 чечими менен бекитилген Убактылуу санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык иш-чараларды жүргүзүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жөнүндө” жобосу; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Билгичтиги: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; – алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү; Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – региондук башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; – компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү. Ветеринария жана фитосанитария тармагындагы административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн (башкы инспектор) 1. Кесиптик билим деңгээли: – айыл чарба жана айыл чарба илимдери тармагындагы зоотехния, ветеринария, ветеринардык-санитардык экспертиза жана агрономия, агрохимия жана агрожер кыртышын таануу багыты, бак өстүрүүчүлүк, агроинженерия, биотехнология, гуманитардык илимдер тармагындагы юриcпруденция, табият таануу илимдери тармагындагы биология жана жаратылышты колдонуу жана экология багыты боюнча жогорку кесиптик билим. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенттүүлүгү: Билүү: – Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодекси; – “Ветеринария жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтому; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 “Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтому; – “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; – Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 16-майындагы № 149 чечими менен бекитилген Убактылуу санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык иш-чараларды жүргүзүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жөнүндө” жобосу; – кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; Билгичтиги: – маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө маалыматтык технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн билүү; Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; – Компьютердик сабаттулук жана керектүү программалар менен иштөө (Word, Excel, “ТОКТОМ Мамлекет Про” маалымат-укуктук системасы). Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat ” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет: – форма боюнча жеке арыз; – кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча; – форма боюнча сүрөтү менен резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен); – негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо); – эмгек китепченин көчүрмөсү (эгерде эмгек стажы бар болсо); – окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт). Конкурска катышуу үчүн документтер 17:00гө чейин, жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күнгө чейин (2025-жылдын 12-декабрынан 25-декабрына чейин) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматына төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: 720051, Бишкек ш. Буденный көч., 247, 1-кабат, (Адам ресурстарын башкаруу жана канцелярия бөлүмүнө кайрылыңыздар), телефон: 0708-83-74-20. Конкурска катышуу боюнча чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге баруу жана келүү, турак жайды жалдоо, жашап туруу, байланыш каражаттарынын бардык түрлөрүн пайдалануу) жарандар өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт. Кабыл алынган талапкерлер конкурска чакырылат. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт. Толук маалымат веб-сайттарда жайгаштырылган: – www/ mkk .gov.kg. – www/Vet.gov.kg. – https://info@agro.gov.kg Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти