2022-жылдын 17-июнунда Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймак аралык башкармалыгынын Каракол шаарындагы тестирлөө борборунда К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөргө “Ачык эшиктер күнүн”  агенттиктин башкы адиси Э.Мокешова өткөрдү. Бүтүрүүчүлөргө “Жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү мүмкүнчүлүктөрү” аттуу  презентация тартууланды жана бул кызматтын өзгөчөлүгү түшүндүрүлдү.  Бул иш-чарага мамлекеттик кызматта 30 жылдан бери эмгектенип аткан мамлекеттик кызматтын отличниги К.Ш. Казакбаева келип жаш муундарга өзүнүн акыл-насаатын айтып бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.