Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде башкы жана улук кызмат (аппарат жетекчиси, социалдык маселелер боюнча секторунун  башчысы, өнөр жай, айыл чарба жана экономика секторунун башчысы, өнөр жай, айыл чарба жана экономика секторунун башкы адиси , иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адиси, уюштуруу иштери боюнча башкы адиси )  орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик  кызмат ордун улук топторун (социалдык маселелер боюнча секторунун  башчысы,  өнөр жай, айыл чарба жана экономика секторунун  башчысы,  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис, өнөр жай, айыл чарба жана экономика секторунун башкы адиси, уюштуруу иштери боюнча башкы адиси) ээлөөгө.

 

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 

  • Административдик кызмат орундарынын башкы тобу (аппарат жетекчиси) үчүн:

—Гуманитардык, социалдык, экономика жана башкаруу, техникалык, айыл чарбасы багыты боюнча жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

-негизги тест үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын  “Эмгек Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын  кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 сандуу токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама:

-предметтик тест үчүн:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамы;

Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосу;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобосу;

Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобосу;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;

2) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (социалдык маселелер боюнча секторунун башчысы )  үчүн:

– Экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү жана гуманитардык илимдер багытындагы жогорку кесиптик билим;

3) Административдик кызмат орундарынын улук топтору (өнөр жай, айыл чарба жана экономика секторунун башчысы жана жетектөөчү адиси) үчүн:

—  Экономика башкаруу, юриспруденция, транспорттук техника жана технология, айыл чарбасы жана техникалык багыттар боюнча жогорку кесиптик билими;

4) Административдик кызмат орундарынын улук тобу (уюштуруу иштери боюнча башкы адис) үчүн:

— Гуманитардык, социалдык экономика жана башкаруу, техникалык, айыл чарбасы багыты боюнча жогорку кесиптик билим;

5) Административдик кызмат орундарынын улук тобу ( иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси ) үчүн;

-Экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, социалдык илимдер, техникалык жана гуманитардык илимдер багытындагы жогорку кесиптик билим;

 

иш стаждары жана тажрыйбалары:

— Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

– негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

 

предметтик тест үчүн (уюштуруу иштери боюнча башкы адис) төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосу;

Кыргыз Республикасынын   мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобосу;

Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобосу;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;

 

предметтик тест үчүн (социалдык маселелер боюнча секторунун башчысы) төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө » Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын  “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамы:

Кыргыз  Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамы;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;

 

предметтик тест үчүн (өнөр жай, айыл чарба жана экономика секторунун башчысы жана башкы адиси) төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамы:

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;

 

предметтик тест үчүн ( иш кагаздарын жүргүзүү боюнча башкы адис) төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамы:

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүү;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 10 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

 

Дареги: Бакай-Ата району, Бакай-Ата  айылы,  Манас көчөсү №83, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын имараты,  4-кабат, 9-иш бөлмөсү Тел. /03457/ 3-22-13. Моб. 0703 20-24-86