Бакай- Ата районунун  Ак-Дөбө  айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик    

 жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде улук  кызмат орундарынын тобуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн  кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

-административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобун ( Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис, Юридикалык маселелер боюнча башкы адис, Мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис багыты боюнча) ээлөөгө; Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок.

4) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

          

1.Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси. Улук кызмат (С-Б) 1 орун;

-Жогорку  кесиптик билим.

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

-негизги тест үчүн төмөнкү  ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1)  Кыргыз  Республикасынын Конститутциясы;      2)  Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндо”мыйзамы;      3)  Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;      4)  Кыргыз  Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө” мыйзамы      5)  Кыргыз  Республикасынын “Коррупцияга каршы  аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;      6)  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому  менен бекитилген  Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын  жүргүзүү  боюнча типтүү  нускама.

предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдетүү түрдө билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндо” мыйзамыын
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

-иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

Көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  1. Юридикалык маселелер боюнча башкы адис Улук кызмат (С-Б) -1 орун;

–Юридикалык багыттагы жогорку  билим;

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;-негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү  түрдө билүү:                       1)  Кыргыз  Республикасынын Конститутциясы;      2)  Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндо”мыйзамы;      3)  Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;      4)  Кыргыз  Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө” мыйзамы      5)  Кыргыз  Республикасынын “Коррупцияга каршы  аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;      6)  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому  менен бекитилген  Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын  жүргүзүү  боюнча типтүү  нускама. -предметтик тест үчүн төмөнкү ченемдик  укуктук  актыларды  милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Жер кодекси.

2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтардга жетүү жөнүндө” мыйзамын

3) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” мыйзамын

4) Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамын

5) Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнундө” мыйзамын.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

3.Мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис Улук кызмат (С-Б) -1 орун;

—  Экономика жана башкаруу, финансылык, гуманитардык, информатика боюнча мугалим, колдонмо математика жана информатика, маалымат технологиялары,фундаменталдык информатика жана инфомациялык технологиялар жана эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку билим.

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;-негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдетүү  түрдө билүү:      1)  Кыргыз  Республикасынын Конститутциясы;      2)  Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндо”мыйзамы;      3)  Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;      4)  Кыргыз  Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө” мыйзамы      5)  Кыргыз  Республикасынын “Коррупцияга каршы  аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;      6)  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому  менен бекитилген  Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын  жүргүзүү  боюнча типтүү  нускама.-предметтик тест үчүн төмөнкү  ченемдик  укуктук  актыларды милдеттүү түрдө билүү:1)      Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси2)      Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын.

  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү

—    билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-соттолбогондугу тууралуу маалымат.

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 8-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек. Толук маалыматы www.mkk.gov.kg. сайтынан алсаныздар болот.Дареги: Бакай-Ата району, Ак-Дөбө айылы,  Айдар  көчөсү №85

Ак-Дөбө  айыл өкмөтүнүн имараты, Тел.0707 77 98 70