Башкы кызмат ордунун кадрлар резервине  типтүү квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттгы жогорку билим:экономика жана башкаруу, юридикалык, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, маданият жана искусство, айыл чарба, гуманитардык, социалдык илимдердеги багыттар боюнча.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муницпалдык кызмат стажы, же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы

билгичтиги:

Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

Түзүмдү, бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

Алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында, жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүнкүнчүлүктөрдү издөө;

Электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууну ишке киргизүүнү жана координациялоону;.

Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну;

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү

Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салууну;

          -көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу,

маалыматты тандоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу  жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилерди тузүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,

кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасны, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

       —   Негизги мыйзам актыларын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасыгнын Министрлер Кабинети жөнүндө”
  3. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси
  4. Кыргыз Республикасынын ” Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  7. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылуусу жөнүндө” Мыйзамын;
  8. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
  9. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын;
  10. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120-токтому:

Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускамасын.

  1. Предметтик төмөндөгү мыйзамдарды билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Аксакалдар соту”, “Жамааттар жана анын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы   №462: “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын                                              02-февралындагы  №24: Мамлекеттик органдын жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосу, 2022-жылдын                       02-февралындагы №25 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчун мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажысын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө жобосун    билүүсү  зарыл.

     

Улук  кызмат ордунун кадрлар резервине  типтүү квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим:

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

    Негизги мыйзам актыларын:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  4. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.

Ошондой эле тиешелүү тармактагы предметтик мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Туризм жөнүндө”, “Эл аралык келишимдер жөнүндө” жана “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Транспорт жөнүндө, Автомобиль жолдору жөнүндө, Шаар куруу жана архитектура жөнүндө, Электроэнергетика жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Үй бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Балдар кодекси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө, Коомдук саламаттык сактоо, Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө, Уй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө, Социалдык фонд жөнүндө, мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө,Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө, Мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө, Массалык маалымат каражаттары, Маалыматка жетүү кепилдиктери жана эркиндиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду, Кыргыз Республикасынын Эмгек китепчелерин формасын, эмгек китепчелерине кошумча барак формасын жана Эмгек китепчелерин жургүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү  ж.б  Мыйзамдарын билүүсү зарыл.       

  • билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү керек.

 

Кенже  кызмат ордулардын кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү адистик багыттагы жогорку же орто кесиптик билим.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Негизги мыйзам актылары:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында Иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасын”.

Ошондой эле  тармактар боюнча  предметтик мыйзамдарды: билүүсү зарыл

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

—    жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

  • кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
  • жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө.

  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Тандоого талапкерлер катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-өзүнүн арызы;

-3х4 форматында, арткы бети кызыл түстөгү 2 даана сүрөт;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (личный листок);

— соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат  каты ;

-негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин түп нускасы;

— эмгек китепчесинин түп нускасы (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш- кагаздарын көктөмөгө (делого) көктөп, mkk.gov.kg сайтынан жарыя 2025-жылдын 24-июлунан баштап 02-августка чейин   төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Балыкчы шаары,

Ж.Абдрахманов көчөсү 258

Балыкчы шаарынын мэриясы 3-кабат 32-каб

Кошумча маалыматты 0394432771 жана Балыкчы шаарынын мэриясы жана Балыкчы пресс  fakefook баракчасынан да  маалымат алсаңыздар болот

Талапкерлерге Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.