Улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү адистик (багыт) боюнча жогорку билим (юридикалык);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жалпы стажы 1 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актыларын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы №171 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү тууралу” Жарлыгын;
  • Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

— Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодекси,  Кыргыз Республикасынын  Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

  • билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу

командада иштөө

  • көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

-3х4 сурөт

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалым катты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, Балыкчы шаардык коомдук-саясий гезитине жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Балыкчы шаары Ж.Абдрахманов көчөсү 252

Балыкчы шаарынын мэриясы 3-кабат 32-кабинет

Кошумча маалыматты 0394432771

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.