Башкы кызмат ордунун кадрлар резервине  квалификациялык талаптар төмөндөгүдөй:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

– тиешелүү багыттгы жогорку билим (экономика жана башкаруу, маданият жана искусство, айыл чарба жана айыл чарба илимдер, гуманитардык илимдер,  социалдык багытындагы  илимдер).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

Жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муницпалдык кызмат стажы, же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы

билгичтиги:

Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

Түзүмдү, бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

Алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында, жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүнкүнчүлүктөрдү издөө;

Электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууну ишке киргизүүнү жана координациялоону;.

Өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштырууну;

Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү

Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салууну;

          -көндүмдөрү:

аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу,

маалыматты тандоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу  жана аларды тажрыйбада колдонуу;

натыйжалуу өз ара мамилерди тузүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын,

кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу

компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасны, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

       –   Негизги мыйзам актыларын:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасыгнын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын;
  3. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексин;
  4. Кыргыз Республикасынын ” Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
  5. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
  6. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
  7. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылуусу жөнүндө” Мыйзамын;
  8. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” Мыйзамын;
  9. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын;
  10. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамын;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтомун.

           

Предметтик төмөндөгү мыйзамдарды билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы ыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Аксакалдар соту”, “Жамааттар жана анын бирикмелери жөнүндө”,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө”,  “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, ”Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө”, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”,  “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жетүү жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын                                                   2-февралындагы  ПЖ-№ 25  “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” Жобону жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы   №462 “Эмгек китепчелеринин формасын, эмгек китепчелерин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”,  Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 02-февралындагы  №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобосу” токтомдорун билүүсү  зарыл.

     

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

 

  • жеке арыз;
  • жеке эсепке алуу баракчасы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
  • өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);
  • соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө справка.

 

Конкурска катышууну каалаган талапкерлердин документтери электрондук форматта “Е-Kyzmat” (https://kyzmat.gov.kg) мамлекеттик порталынын жеке кабинети аркылуу же документтер папкага салынып толук версиясы менен 2026-жылдын 9-февралынан 20-февралына  чейин Балыкчы шаары,  Ж.Абдрахманов көчөсү 258                                                                                                                     Балыкчы шаарынын мэриясы 3-кабат 32-каб саат 8-30дан 17:30га чейин кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0394432771

ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды конкурска катыштырууга жол берилбейт.

Кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Мамлекеттик Агенттиктин mkk.gov.kg, Балыкчы шаарынын мэриясынын balykchy.gov.kg  баракчасынан да  маалымат алсаңыздар болот

Талапкерлерге конкурс өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.