Ысык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат орунга кадрлар резервине киргизүү үчүн Бөлүм башчы (У-А), Башкы адис (У-Б) ачык конкурс жарыялайт Кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар Жогорку билим; (экономика, маркетинг, юриспруденция, ж.о. гуманитардык) Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес. Көндүмдөрү: Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууларды жүргүзүү. Кесиптик компетенттүүлүгү төмөнкүлөрдү билүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. КР 2002-жылдын 29-апрелиндеги N 76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-ж. “22” 01 № 1-Б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча” жобо; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы N 823 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө” жобо. Кыргыз Респубикасынын 2003-жылдын 30-августу № 201 “Үй бүлөө кодекси” Кыргыз Респубикасынын 2012-жылдын 10-июлу № 100 “Балдар жөнүндө кодекси” Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: – Жеке арызы, резюме. – Кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баян. – Өздүк таржымал (соттолбогондугу бар же жок экендиги ж-ө маалыматты көрсөтүү менен). – 3*4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт. – Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт). – Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек). – Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмө нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек). – Кошумча билиминин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтер, окумуштуулук наамы болсо көчүрмөсү. Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт. Талапкерлерден документтер 2025-жылдын 4–марттан – 13–марттын саат 12-00 чейин Чолпон-Ата ш. Совет көч. № 71Д кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү тел. кайрылыныздар (03943) 4-20-81 (факс), (03943) 4-24-70, 0505148909. Жазуулар боюнча багыттоо Балыкчы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук топторуна кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт Кыдыр Аке айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик муниципалдык кызматтын орундарына ачык сынак жарыялайт: