Кадрлар резерви-муниципалдык кызматтын башкы, улук, кенже административдик кызмат орундарына талапкерден турат.
Кадрлар резервинин максаты-административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялуу кадрларды тартуу
Талапкерге коюлган квалификациялык талаптар:
1.Башкы, улук, кенже кызмат ордуларына (Г-А), (С-А), (С-Б), (М-А), (М-Б)
Кесиптик билим деңгээли: башкы кызмат ордуна
-тийиштүү багыттагы жогорку билим (эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы,экономика жана башкаруу, гуманитардык).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
Жалпысынан 3-жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы
2.Талапкерге коюлган квалификациялык талаптар: улук кызмат ордуна (С-А),
тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу, гуманитардык).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
Жалпысынан 1-жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы
3.Талапкерге коюлган квалификациялык талаптар: кенже кызмат ордуна (М-А),
тийиштүү багыттагы жогорку билим (эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы,экономика жана башкаруу, гуманитардык).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
Жалпысынан 1-жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы
3.Талапкерге коюлган квалификациялык талаптар: кенже кызмат ордуна (М-Б),
тийиштүү багыттагы жогорку билим (эсептөө техникасы жана информатикалык технологиялар, айыл чарбасы,экономика жана башкаруу, гуманитардык).
Иш стажы жана тажрыйбасы:
Иш стажы талап коюлбайт
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз, резюме ( электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал( соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен) нотариустан күбөлөндүргөң негизги жана кошумча билимин( бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү, нотариустан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кадрлар боюнча өздүк баракча сүрөтү менен, илимий даражаны жананаамды( бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, паспорттун көчүрмөсү
Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жаранды сынакка катыштырууга жол берилбейт. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыкканкүндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Искак Малаев көчөсү 115, кадр бөлүмү
Документтерди тапшыруу мөөнөтү:
2025-жылдын 1-августунан баштап 11-августуна чейин (акыркы күнү саат 17-00)
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаңыздар болот
(03946)26-145; 0507775578;