Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

  • конкурстук комиссиянын төрагасынын атына телефон номерин көрсөтүү менен жеке арызы;
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • паспорттун көчүрмөсү (оригиналы конкурска киргенде көргөзүлөт);
  • дипломдун көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариус тарабынан же персоналдык кызмат тарабынан күбөлөндүрүлгөн);
  • билимин жогорулаткандыгын тастыктаган документтери;
  • Дело (документтер үчүн)

 

Документтер 2023-жылдын 1-декабрь күнү саат 18-00го чейин, Баткен  шаарынын С.Сыдыков №48 көчөсүндөгү Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кеңсесинде кабыл алынат.  Тел.: 5-20-81, 0777 79 02 54.

Коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген жарандар конкурска катышууга жолдомо ала алышпайт.

Конкурстун өтүү күнү жана орду тууралуу кошумча маалымдалат.

 

 

  Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар

 

  1. Жалпы жоболор

 

1.1.   Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун дене тарбия жана спорт башкармалыгынын административдик кызмат орундарынын топторуна квалификациялык талаптар (мындан ары – Квалификациялык талаптар) “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты;

1.2. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун функциялар же кызмат ордунун функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүргүзүлөт;

1.3. Кошумча Квалификациялык талаптар бөлүм, секторлордун адистештирилишин жана конкреттүү кызмат ордунун функциялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматтык милдеттерди ийгиликтүү аткарууга мүмкүндүк берүүчү билгичтигинин жана көндүмдөрүнүн деңгээлинде кесиптик компетенцияларга талаптарды катмыйт;

1.4. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөсүн регламенттөөчү мыйзамдарды билүүгө милдеттүү талаптар белгиленет.

 

  1. Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун башкы адисине (У-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар

 

  Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун башкы адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын У-Б тобуна кирген мамлеккеттик кызмат орду болуп саналат.

Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун башчысына түздөн-түз баш ийет.

2.1 Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун башкы адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы билимге артыкчылык берилет).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

            Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;

Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун, жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;            — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

  1. Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун жетектөөчү

адисине (К-А) коюлуучу квалификациялык талаптар

 

Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун жетектөөчү адиси  мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине ылайык административдик мамлекеттик орундарынын К-А тобуна кирген мамлекеттик кызмат орду болуп саналат.

Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун башчысына түздөн-түз баш ийет.

4.1. Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык дене тарбия жана спорт бөлүм, секторлорунун жетектөөчү адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин денгээли:

жогорку билим (дене тарбия жана спорт тармагындагы же ошол багыттагы педагогикалык билимге артыкчылык берилет).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажысына талаптар коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды;

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы» кодексин милдеттүү түрдө;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускамасын, Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”, “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы “Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр  спорттук мектеби, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жөнүндө” № 264 токтому менен бекитилген типтүү жобосун жана тейлөөсүнө жараша негизги ченемдик укуктук актыларды;            — кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү тармактагы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

  • көндүмдөрү:

ченемдик укук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;    компьютердик жана уюштуруу техникасын, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.