Баткен облусунун,Баткен районунун  Кара-Булак айыл  өкмөтү  кадрлар резервине киргизүү үчүн  башкы, улук  жана кенже административдик  муниципалдык кызмат орундарынын топторуна   сынак жарыялайт.

 

1.Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

-тиешелүү багыттагы жогорку билим (Мамлекеттик жана муниципалдык

башкаруу,Юриспруденция,Финансылык экономикалык,Айыл чарба,

Ветеринардык ,Гуманитардык,Табигый илимдер,Техникалык ,Курулуш

Энергетитка тармактарында)

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

-мамлекеттик жана же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тиешел кесиптеги чойродогу 5 жылдан кем эмес иш стажы ;

 

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

-төмөнкүлөрдү билүү:

 

     Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

 

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө”Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Мыйзамы

-Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси ;

-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы ;

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;

-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө “Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы ;

“Кызыкчалыктардын кагылышы жөнүндө”Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

-Коррупцияга каршы аракеттенүү”жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июнундагы №517

токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын

жүргүзүү  боюнча типтүү нускамасы”

 

Тиешелүү тармактагы  мыйзамдарын:

 

-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси

-Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүүмамлекеттик администрация жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндө

-“Жайыттар жөнүндө”

-“Билим берүү жөнүндө”

-“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”

-Кыргыз Республикасынын”Ички  жер которуу жөнүндө”

-Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”

-Кыргыз Республикасынын”Мамлекеттик тили жөнүндө “мыйзамдары

-“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын

ротациялоо тартиби жөнүндө”Жобосу

-“Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык

кызматынын кадрлар резервин тузүүнүн иштешинин тартиби жөнүндө”

Жобосу

 

-билгичтиги:

-иштин  артыкчылыктуу  багыттарын  аныктоо жана  стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн талдоо;болжолдоо;жалпылоо;мониторинг жүргүзүү;контролдоо жана аларды чечүүдө жаны ыкмаларды интеграциялоо;башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу ; кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү кырдаалдарды  өз убагында аныктоо жана чечүү;коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкунчүлүктөрдү издөө;өзунун ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландоо;ведостволор аралык өз ара аракеттенүү;чыр чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

-көндүмдөрү;

-аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу ;түзүмдүк бөлүмду  башкаруу(баш ийген кызматкердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди сарамжалдуу бөлүштүрүү;мамлекеттик органдын жетекчилигин стратегиялык  максаттарын жана көз караштарын өзүнө  баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү,башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо,кабыл алуу жана ишке ашыруу ,иштин жаны формаларын жана методдорун издөө); маалыматты талдоо,системалаштыруу жана жалпылоо;ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү,иштиктүү этикеттин,кенешмелерди ,жолугушууларды өткөрүүнүн элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү;мамлекеттик жана расмий тилдерди иштиктүү кат алышуу компьютердик жана уюштуруу техникасын зарыл болгон программалык  продуктыларды колдоно билүү

 

  Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына  квалификациялык талаптар :

 

                       Кесиптик билиминин денгээли :

 

-жогорку билим  (Геодезия жана жерге жайгаштыруу ,Архитектура жана курулуш адистиктери боюнча ,Юриспруденция,Финансылык экономикалык багыттары боюнча ,Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу ,Айыл чарба Ветеринардык,Гуманитардык,Педагогикалык,Техникалык айыл чарба багыттары боюнча )

                   Иш стажы жана тажрыйбасы :

-жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө  3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

       Кесиптик компетенттүүлүгү :

       төмөнкүлөрдү билүүсү :

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык

кызмат жөнүндө” мыйзамы

-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

 

-Кыргыз Республикасынын Жер кодекси

-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили

-Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар

жөнүндө”

-Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”

-Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө “

Кыргыз Республикасынын”Жарандык коргонуу жөнүндө”

 

Билгичтиги:

-Жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу

-мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу

-эмгектин жаны шарттарына көнүү

-иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

  Көндүмдөрү :

-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада

колдоно билүү

-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү  программалык

продуктыларды колдоно билүү

                                                  

 

Кенже топтогу административдик муниципалдык  кызмат   орунуна  коюулуучу квалификациялык талаптар :

 

       Кесиптик билиминин денгээли :

-жогорку билим же орто кесиптик билим  –Финансылык экономикалык багыттары боюнча,Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Юриспруденция,Айыл чарба,Ветеринардык,Гуманитардык,Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика  багыттары боюнча

          Иш стажы жана тажрыйбасы :

-Иш стажына талап коюлбайт

      Кесиптик компетенттүүлүгү :

       төмөнкүлөрдү билүүсү :

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө”

-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби  жөнүндө”

— “Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик салып алуулар жөнүндө “

Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”

Билгичтиги:

-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

  Көндүмдөрү :

-Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада

колдоно билүү

-Компьютердик жана уюштуруу техниканы ,керектүү  программалык

продуктыларды колдоно билүүсү

                          Конкурстук  документтер :

1.Конкурстук комиссиянын төрагасына арыз

2.Кадрларды каттоо баракчасы ,өздүк делосу

3.Резюмеси

4.Өмүр баяны

5.3х4 өлчөмүндөгү эки даана сүрөт

6.Паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт )

7.Нотариустан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү

8.Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү

Конкурстук документтер жарыяга чыккан (жарыя берилген) күндөн баштап  10 күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн конторасында кабыл алынат .

Маалымат үчүн тел : 03622  6-04-23,  0770514663