Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт.

  1. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли: 

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, ветеринардык, гуманитардык илимдер, табигый илимдер, техникалык, архитектура жана курулуш, энергетика багыттары боюнча). 

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:  

– жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

5. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8. “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9. “Маалымат алуу укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөөсү жөнүндө ” № 43 Жарлыгы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”.

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

– компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

 

  1. Улук кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, ветеринардык, гуманитардык илимдер, табигый илимдер, техникалык, архитектура жана курулуш, энергетика багыттары боюнча).  

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:  

– жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси;

Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы.

– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

– компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

Конкурска катышуу учун төмөндөгү документтер керектелет:

– өздүк арыз;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);

– кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;

– сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана);

– билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); 

– эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

– жарандык паспорт (көчүрмөсү);

– өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

Документтер сынак өткөрүү жөнүндө жарыянын тексти сайтка чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Баткен облусу, Кадамжай району, Ормош айылы, № 1 көчөсү, № 5 дареги боюнча Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат.

Байланыш үчүн тел.: 0776 270488.

wpChatIcon
wpChatIcon