КР Жогорку Кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 5-пунктунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөргө КР мыйзамдарында ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар экендиги, алардын тизмегин Министрлер Кабинети иштеп чыгары жана Жогорку Кеңеш бекитери аныкталган.
Өкмөт 2017-жылдын 12-апрелинде № 215 токтому менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактырган. Ал токтомдун негизинде Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 25-майында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекиткен.
Натыйжада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин пландык, пландан тышкаркы, контролдук жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегине:
1. Прокуратура органдары.
2. Социалдык фонду
3. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы киргизилген.
Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин пландан тышкаркы, контролдук жана кайра текшерүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча департаменти аныкталган.
Андан бери КР мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын системасындагы функционалдык, структуралык өзгөрүүлөр болду. ЖӨБ органдарынын ишин текшерүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери бюнча мамлекеттик агенттиги аталган маселе боюнча Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгып, алар Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынып, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилген. Ошентип, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому Министрлер Кабинетиин 2023-жылдын19-июнундагы № 309 жана 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 488 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомдорунун негизинде кабыл алынды.
Жогорку Кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык, пландан тышкаркы, контролдук жана кайра текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле пландан тышкаркы, контролдук жана кайра текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитти.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландык, пландан тышкаркы, контролдук жана кайра текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегине төмөнкү органдар кирди.
1. Прокуратура органдары.
2. Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги.
3. Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы.
4. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы.
5. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы.
6. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы.
Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин пландан тышкаркы, контролдук жана кайра текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегенде мурдагыдай эле Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча департаменти калды.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыны 2-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык аталган Мыйзам ЖӨБ органдарынын ишин төмөнкү органдар тарабынан текшерүүлөрдүн тартибин жөнгө салбайт:
1) кылмыш-жаза, администрациялык, жарандык, аткаруу сот өндүрүшүнүн алкагында мамлекеттик органдар;
2) өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишке ашыруусун контролдоонун алкагында мамлекеттик органдар;
3) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы;
4) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
5) контролдук функцияларды жүзөгө ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана анын органдары;
6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча салык кызматынын органдары.