Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (Арис) өкүлдөрүн кабыл алды

Жолугушууда жаңы башталып жаткан “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (COVID- 19 чара көрүү боюнча)” долбоору талкууланды.

Иш чарага  Агенттиктин директорунун орун басары М. К. Байдылдаев жана кызматкерлери менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун өкүлдөрү катышты.

Долбоордун максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жамаааттардын потенциалын жогорулатуу, айылдык инвестиция, долбоорду башкаруу, өзгөчө кырдаалдарга шартуу чара көрүүгө  багытталган.

Жергиликтүү коомчулукту колдооо борбору менен тыгыз байланышта иш алып барылып, калктын  аярлуу катмардагы үй-бүлөөлөрдү колдоо көрсөтүү белгиленди. Кошумчалай кетсек долбоор республика боюнча 40  айыл аймакты камтыйт.